• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Байге фонду 1 млн сом. Көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты Таласта өтмөй болду

Спорт 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Жаштар жана чоңдор арасында көк бөрү боюнча өлкөнүн чемпионаты Таласта өтөрүн Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 25-30-октябрь күндөрү Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында болот. Чемпионатка республиканын бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарынан келген командалар катышат.

Чемпионаттын жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий