• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Байге фонду 1 млн сом. Төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чара президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында жана Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган.

Айтыштын тандоо туру 15-ноябрда К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук косерваториясында өтөт. Башталышы саат 10:00. Кирүү акысыз.

Жарым финалдык жана финалдык айтыштар 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат. Билет баасы 500 сом.

Сынактын байге фонду 1 млн сомду түзөт. Суроолор боюнча байланыш номери: 0709665202

Пикир

Оставить комментарий