• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Байсалов балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, жыйындын жүрүшүндө бул иштер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду.

Эдил Байсалов тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жашы жете элек балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Ал белгилегендей, мамлекеттик органдар баланын кызыкчылыгы үчүн ар тараптуу иш алып барат. Социалдык кызматтар жаңы төрөлгөн балдардын абалын, кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого артыкчылыктуу тартипте туруктуу мониторинг жүргүзөт.

Ошондой эле мамлекеттик органдарга турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө туруктуу мониторинг жүргүзүү жана ар тараптан мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ишти активдештирүү, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды багып алуучу үй-бүлөлөргө жайгаштыруу тапшырылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги оор турмуштук кырдаалга кабылган аялдар адистештирилген социалдык мекемелерге кайрылып, аларга социалдык, психологиялык жана юридикалык колдоо жана жардам көрсөтүлөрүн белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий