Байсалов: Биз билим берүү системасын климаттын өзгөрүү шарттарына ыңгайлаштыруубуз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Ушул күндөрү биз климаттын өзгөрүү шарттарында мектеп системабызды өзгөртүү аракетин көрүп жатабыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Мектептер-2030" глобалдык форумунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Борбордук Азияда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүүсүнө карата эң аялуу өлкөлөрдүн бири. "Ушул күндөрү биз мектеп системабызды өзгөртүү аракетин көрүп жатабыз. Бул биздин форумду абдан маанилүү кылат. Биздин жашоо образыбыз климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чоң коркунучка кептелди. Биздин балдар ошонун негизинде пайда боло турган кесепеттерге туш болушат", - деди ал

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары бүгүнкү күндө билим берүү системасын алдыдагы чакырыктарга ыңгайлаштыруунун зарылдыгын белгиледи.

"Биз балдарыбызды керектүү билимдер, көндүмдөр жана дүйнө тааным менен суугарышыбыз керек, бул аларга келечектеги көйгөйлөрдү чечүүгө жана алар менен күрөшүүгө жардам берет", - деп сөзүн жыйынтыктады Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий