• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Байсалов БУУнун майыптыгы барлардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграс менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушууга ошондой эле эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык башкармалыгынын жетекчиси, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Тараптар ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун негизги маселелерин талкуулашты.

БУУнун майыптардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс 2024-жылдын 3-октябрына чейин Кыргызстанда расмий иш сапары менен болот.

Пикир

Оставить комментарий