• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Байтерек: Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасын бузуп киришкен, акыркы комментарийлерге анын тиешеси жок

Президент 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактардагы мамлекет башчысынын баракчасындагы акыркы комментарийлерге байланыштуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Президент Садыр Жапаровдун Фейсбук социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулду. Ниети бузуктар аталган баракчадан ар кандай посттор менен комментарийлерди калтырышкан. Фейсбук баракчасына жайгаштырылган акыркы комментарийлерге Мамлекет башчысынын эч кандай тиешеси жок. Садыр Жапаров коомчулукта айтылган бардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздү эч качан айтпайт», — деп белгиледи Галина Байтерек.

Пикир

Оставить комментарий