• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Байтик айылынан "Ала-Арча" жаратылыш паркына чейин веложол салынууда

Коом 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Чүй облусунун Байтик айылынан "Ала-Арча" жаратылыш паркына чейин 14 чакырымдык веложол салынууда. Бул тууралуу жаратылыш паркынын администрациясынан кабарлашты.

Белгиленгендей, Байтик айылына кире бериштеги арканын жанына автоунаа токтотуучу чоң жай салынат. Унааны ошол жерге токтотуп, андан ары велосипед тээп кетсе болот.

Эске салсак, буга чейин Транспорт министрлиги Байтик айылындагы арканын жанында чоң унаа токтотуучу жай болорун, анда эс алуучулар унаасын калтырып, Ала-Арчага велосипед менен барышарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий