• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бүгүн Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кымылы үчүн ачылды. Автобустардын схемасы

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бишкектин Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Буга байланыштуу автобустардын каттамдары убактылуу өзгөртүлдү:

  • №6 автобус - Анкара көчөсү, 7-Апрель көчөсү, Ахунбаев көчөсү, Сүйөркулов көчөсү, Байтик-Баатыр көчөсү, Масалиев көчөсү, Малдыбаев көчөсү, Ахунбаев көчөсү;
  • №52 автобус - Юнусалиев көчөсү, Сүйөркулов көчөсү, Байтик-Баатыр көчөсү, Масалиев көчөсү;
  • №49 автобус - Малдыбаев көчөсү, Жаманбаев көчөсү, Токтоналиев көчөсү, Масалиев көчөсү, Сүйөркулов көчөсү;
  • №152 автобус – Байтик баатыр көчөсү, Сүйөркулов көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, Ахунбаев көчөсү

№6

№52

№49

№152

Пикир

Оставить комментарий