• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Байышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Астанакулов Байышбек Кахроманович Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Байышбек Астанакулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий