• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө 11 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. 2022-жылга карата Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 11 млн 30 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу КР Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аудит Билим берүү жана илим министрлигине караштуу окуу жайларында, райондук билим берүү жана башка ведомстволук бөлүмдөрүндө 2022-жылга карата бюджеттин аткарылышына пландык аудиттин алкагында Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн.

Аудиттин журүшүндө 11 млн 30,7 миң сом суммасындагы мамлекеттик акча каражаттарынын уурдалгандыгы аныкталган. Ошентип, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин карточкалык эсептерине 2022-жылы – 9 млн 408,9 миң сом, 2023-жылы – 1 млн 621,8 миң сом акча каражаты негизсиз которулган.

Пикир

Оставить комментарий