• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бакай-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген 4,2 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Бакай-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген 4,2 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бакай-Ата районунун Түйтө айылында жайгашкан турак жай куруу үчүн каралган 4500 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары тарабынан канааттандырылып, 4 млн 200 миң сомго бааланган жер тилке муниципиалдык менчикке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий