• 87
  • 90.44
  • 0.86

Бакай-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Бакай-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелер мамлекетке кайтарылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Бакай-Ата районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы текшерилип, Бакай-Ата айылында жайгашкан айыл чарба багытындагы 28 миң чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан административдик доо арыз келтирилип, сот органдары тарабынан толугу менен канааттандырылды. Натыйжада, баасы 3 млн 52 миң сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Ошондой эле Акназаров айыл өкмөтүнүн маданият үйүнө тиешелүү 700 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилгени аныкталган. Райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде бул жер тилкеси 2 млн 450 миң сомго бааланып, муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий