• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бакирова Стамбулда ТТМК кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 03.09.21./Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 3-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев менен жолугушту.

Жолугушуу Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин штаб – квартирасында болду.

Аталган кеңешке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Венгрия өлкөлөрү кирет.

Түрк кеңеши, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши азыркы түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм.

Анын башкы максаты мүчө мамлекеттердин ар тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.

Түрк кеңешинин жооптуу катчысынын жардамчысы Султан Раев комитетке мүчө уюмдардын ортосундагы координациялык иштерди көзөмөлдөйт.

Нургүл Бакирова түрк элдерин бириктирген аталган кеңештин жасап жаткан иштерин жогору баалап, дүйнө жүзүндө түрк мамлекеттеринин ролу жана орду өзгөчө экендигин баса белгиледи.

Төрайым буга чейин Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа менен болгон эки тараптуу жолугушууда түрк тилдүү мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешин түзүү демилгесин билдирген. Түрк тарап Нургүл Бакированын мындай демилгесин колдой тургандыгын айтышкан.

Бул туурасында бүгүн Султан Раев дагы өз пикирин билдирип, Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакированын демилгеси колдоого арзый тургандыгын белгиледи.

Белгилей кетүүчү жагдай, Түрк Кеңеши ТүркПА, Түрк Академиясы, ТҮРКСОЙ жана Түрк маданияты жана мурасы фондун координациялоодон сырткары түрк дүйнөсүнүн билим берүү, жаштар жана спорт, экономика, транспорт, бажы, туризм, диаспора, коммуникация, медиа жана информация тармактарында координациялык иштердин уюштурулушу, бул тармактардагы кызматташтыктын өнүгүшү, ар бир тармакта уюмдашуунун жүрүшү маселелерин жүргүзүүгө аракет кылууда.

Пикир

Оставить комментарий