Бишкек, 28.04.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча турнирде Талас облусунун курамасы жеңишке жетти. Финалдык беттештин жыйынтыгы боюнча “Бакубат-Талас” 6:3 эсебинде "Сары-Өзөн Рассвет” командасын уткан.
Ошентип, Таластын спортчулары мелдештин баш байгеси болгон – унааны утуп алышты. Күмүш медаль ээсине – 100 миң сом бөлүндү.
Эске сала кетсек, үчүнчү орунду “Көлдүк” курамасы алып, 75 миң сом ыйгарылды. 4-орунда “Арашан Бишкек” – 50 миң сом.
Андан сырткары мыктылар сыйланды:
Мыкты аргымак – Капрал;
Мыкты оюнчу - Жыргал Абдылдаев (“Көлдүк”);
Мыкты чабуулчу - Майрамбек Рыспеков.
Ар бирине 5 миң сом түрүндө акчалай сыйлык ыйгарылды.
Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча турнир 12 кураманын катышуусунда 22-апрелде башталган.
Пикир
Оставить комментарий