• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бакуда Азербайжан жана Кыргызстан достук коомунун баштапкы негиздөөчү жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 15.12.23./Кабар/. Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы элчилигинде Азербайжан жана Кыргызстан достук коомунун баштапкы негиздөөчү жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Азербайжандын эмгек сиңирген журналисти, манас таануучу жана "Манас" эпосу жөнүндө китептин автору Адиль Жамиль (Джамилов Адиль Савалан оглу), "Азербайжан-Казакстан" достук коомунун президенти Эльдар Гюнайдын, "Зангезур" санаторийинин жетекчиси Мазахир Гасанов, Кыргызстандын Азербайжандагы соода үйүнүн негиздөөчүсү Зафар Мамедов, публицист жана саясат таануучу Теймур Атаев жана Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев катышты.

Жолугушуунун башында катышуучулар Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевди бир мүнөт унчукпай эскеришти, себеби 12-декабрь анын бул дүйнөдөн өткөн күнү.

Жолугушуунун катышуучуларына кайрылып, элчи Кайрат Осмоналиев быйыл Кыргызстан менен Азербайжан дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешкендигин айтты.

Кыргызстандын президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын апрелинде Азербайжанга жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарылып, мамлекет башчыларынын деңгээлинде мамлекеттер аралык кеңеш түзүлгөн. 2022-жылдын октябрь айында Бишкекте Низами Гянжеви атындагы жалпы билим берүү мектеби ачылып, башка мектепке Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылып, анын бюсту коюлган.

Мындан тышкары, Бишкекте Азербайжан жана Кыргызстан достук паркы ачылды. Ошондой эле элчи ушул жылдын 12-декабрында Кыргызстанда Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленип жатканын маалымдады. Элчи жолугушуунун катышуучуларына акыркы жыл ичинде көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Азербайжан-Казакстан" достук коомунун президенти Эльдар Гюнайдын билим алуу жана өзү жетектеген коомдун элчилик менен өз ара аракеттешүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, келечекте Түрк дүйнөсүнүн алкагында достук мамилелерди чыңдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий