Бакуда кыргыз-азербайжан мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.04.23./Кабар/. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжан президентинин жардамчысы – президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гаджиев менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн келечегин, ошондой эле кыргыз-азербайжан мамилелеринин актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Мындан тышкары, маектешүүчүлөр Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча пикир алышты. Ошону менен бирге, Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөөнүн урматына, элчи Азербайжанда улуттук жазуучунун элесин түбөлүккө калтыруу маселесине көңүл бурду.

Жогорку жана бийик деңгээлдеги визиттер менен алмашуу пландарына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда тараптар Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун практикалык ишке киргизүү боюнча маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий