• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бакуда кыргыз-түрк кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын жана Түркиянын Тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Мевлют Чавушоглу жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу бүгүн, 6-февралда Түрк кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз жыйналышына катышуунун алкагында Бакуш шаарында өткөн.

Министр Айдарбеков 2020-жылдын 24-январында Элязыг провинциясынын Сивридже шаарында жана Малатьяда болгон жер титирөө учурунда курман болгондорго байланыштуу М.Чавушоглуна көңүл айтты.

"Тараптар 2020-жылга пландалган биргелешкен иш-чараларды, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги сапарлардын графигин талкуулады. Экономикалык кызматташтыкты мындан ары күчөтүү жана ушул жылдын жайында Кыргызстанда кыргыз-түрк бизнес-форумун өткөрүү зарылчылыгын белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, тараптар эки жана көп тараптуу форматтардагы, анын ичинде, Түрк кеңешинин регионалдык аянтчасынын алкагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектерин талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий