Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Бүгүн жаңы дайындалган министр Сыдыков Бакыт Төлөмүшевич Экономика жана коммерция министрлигинин жамаатына тааныштырылды.
Ведомстводон маалымдашкандай, аны президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев тааныштырды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.
Сыдыков Бакыт Толомушевич 1978-жылдын 7-ноябрында төрөлгөн. 2000-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин бакалаврдык программасын аяктаган, 2002-жылы ошол эле университеттин Эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн. 2010-жылы Рицумейкан университетин (Киото, Кусатсу, Япония) аяктап, экономика боюнча магистр даражасына ээ болгон.
Класстык чини: Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.
Эмгек жолу:
2002-жылдын 29-январынан 2019-жылдын 28-августуна чейин Финансы министрлиги – стажер, жетектөөчү адис, башкы адис, бөлүм башчы, мамлекеттик карыз башкармалыгынын начальниги.
2019-жылдын 28-августунан 2021-жылдын 1-сентябрына чейин Экономика министрлиги – тышкы байланыштар жана донордук жардамды координациялоо башкармалыгынын начальниги.
2024-жылдын 16-февралынан 2024-жылдын 17-декабрына чейин КР президентинин администрациясы – саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги.
2024-жылдын 18-декабрынан баштап экономика жана коммерция министри.
Пикир
Оставить комментарий