• 87
  • 89.63
  • 0.85

Бакыт Төрөбаев: "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоору ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Өлкөдө "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоору ишке кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына болгон жумушчу иш сапарынын алкагында III Элдик курултайда айыл чарбасы жаатында маселелер менен кайрылган делегаттар жана жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, долбоор 2025-жылдын 1-январынан тартып киргизилди. Анын максаты дыйкан-фермерлерди колдоо болуп саналат жана жалпы наркы 200 млн сомду түзөт.

Министр өз сөзүндө аталган долбоордун негизги максаты – жеңилдетилген насыялык каражаттарды 60 ай же болбосо 5 жылга берүү аркылуу кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана "бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө" мамлекеттик колдоо көрсөтүү экенин баса белгиледи.

"Мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген бириккен товар өндүрүүчүлөргө 25 млн сомго чейин 60 айга 6 пайыздык чен менен, Кластердик бирикмелерди бириккен товар өндүрүүчүлөр менен түзгөн кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 150 млн сомго чейинки каражат 60 айга 6 пайыздык чен менен жана жогорку натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөөчү технология менен иштеген (тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу), күнөскана чарбасын жүргүзүү, айыл чарба техникасынын жана жаныбарлардын лизинги, машина-трактордук станцияларды түзүү (МТС) менен алектенген, бириккен коомдорду түзүшкөн чарба жүргүзүүчү субъекттерге 50 млн сомго чейин 60 айга 6 пайыздык чен менен насыялар каралган", - дели Бакыт Төрөбаев.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, каражат "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору тарбынан берилет.

Пикир

Оставить комментарий