• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бакыт Төрөбаев дүйнөдөгү эң ири үрөн компаниялардын биринин өкүлдөрүн кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев үрөн өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң ири 5 компаниянын бири Limagrain Europe‘тун башкы директору Антуан Коломбо менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга КР агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы башкармалыгынын төрагасы Эрлист Акунбеков дагы катышты.

Тараптар Кыргызстанда буудай, арпа жана жүгөрү багытында үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлорду баштоо боюнча сөз кылышты.

Тактап айтканда, сөз болуп жаткан өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн аталык-энелик линияларын сыноо иштерин жүргүзүү, андан соң алдыңкы жылдары аталган уруктарды Кыргызстанда өндүрүп баштоо тууралуу талкуулашты.

Бакыт Төрөбаев бул демилгени колдоого алып, министрлик ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин айтып, бул тамак-аш коопсуздугун камсыздоодо маанилүү ролду ойноп, дан азыктарынын сапатын жакшыртууга таасир берээрин билдирди.

Limagrain үрөндөрү сапаттуу продукт. Ал эми Limagrain компаниясы дүйнөдөгү алдыңкы 5 үрөн компаниянын катарын толуктайт жана илимий изилдөө иштерине жылына 12 млн АКШ долларын жумшайт.

Пикир

Оставить комментарий