• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан Германияга виза алуу үчүн жеңилдик берүү маселесин карап чыгууну сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү доктор Йоахим Штамп менен жолукту.

Жолугушууда тараптар билим берүү, миграция жана виза маселелери боюнча кеңири талкуу жүргүздү.

Кыргыз жарандарына Германияда окуу жана иштөө максаттарында виза алуу үчүн жеңилдик берүүнү карап чыгуу герман тарапка сунушталып, бул багытта мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасалды. Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин ортосунда бул жаатта кол коюу иштерин талкуулашты.

Мындан тышкары, 40ка жакын студент Кыргызстандан 2023-жылдын сентябрь айында Баварияга үч жылдык мөөнөткө кесиптик-техникалык билим алууга жана андан ары Германияда ишке орношуу үчүн жөнөтүлөөрү белгиленди. Анда кыргыз студенттери медицина, IT, туризм жана курулуш багыттары боюнча билим алат.

Өз кезегинде Йоахим Штамп кыргыз-герман өз ара аракеттенүүсүн мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгилеп, кыргыз жарандарын эмгекке тартуу жаатында узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогорудагы маселелер боюнча кызматташууну активдештирүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий