• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бакыт Төрөбаев Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына катышуу үчүн Иранга жумуш сапары менен барган Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Иран Межлисинин (парламентинин) төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолукту.

Минкаб төрагасынын орун басары үстүбүздөгү жылдын июль айындагы президенттик шайлоонун, ошондой эле 2024-жылдын 1-мартындагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнө байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин трагасы Нурланбек Шакиевдин атынан саламын жана куттуктоо сөздөрүн жолдоду, белгилей кетсек анда Галибаф Иран парламентинин төрагалыгына кайрадан шайланган болчу.

Анда Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Иран бири биринин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын урматтоо принциптерин карманарын эске алып, мыйзам чыгаруу иши парламенттик деңгээлдеги кызматташтыкты кеңейтүүгө негиз болорун белгиледи.

Бул багытта минкаб төрагасынын орун басары маектешинин көңүлүн, эки өлкөнүн парламент башчыларынын катышуусунда өз ара иш сапарларды уюштуруу, ошондой эле парламенттер аралык достук топторунун сапарлары Кыргызстан менен Ирандын мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн механизмдерин өркүндөтүү боюнча көп жылдык тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берерин айтты.

Өз кезегинде Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф белгилегендей, парламенттер аралык кызматташтыктын өнүгүшү Иран менен Кыргызстандын достугун бекемдебестен, эки өлкөнүн элдеринин бакубаттуулугуна оң таасирин тийгизет.

Жолугушуунун соңунда Бакыт Төрөбаев эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча пайдалуу кызматташтыктын уланышына ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий