• 86.2
  • 92.12
  • 0.88

Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча штабдын жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын жана калкты 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын абалы, жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын ишмердүүлүгү, энергетикалык объектилердеги ремонт иштери, ошондой эле бюджеттик мекемелерди жана калкты көмүр менен камсыздоо иштерине байланышкан маселелер каралды.

Бакыт Төрөбаев алдыдагы жылытуу мезгилинде энергетикалык объектилердин калкты жана экономика тармактарын электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуусу үчүн техникалык жактан толук даярдыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилерине талаптагыдай даярдык көрүүнү азыртан эскертип кетким келет. Жылытуу мезгили учурунда буга чейин болуп өткөн окуялар кайталанбасын. Өзгөчө Бишкек Жылуулук электр борборунда маселе жаралбашы керек. Жылытуу мезгили башталганга чейин мамлекеттик органдар 1-октябрга карата бюджеттик мекемелерди көмүр менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо боюнча белгиленген пландарды аткаруусу тийиш. Мындан тышкары, элди көмүр менен камсыз кылуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылышы керек. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн баасына көзөмөлдү күчөтүүсү зарыл”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,636 млрд куб метрди түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,907 млрд куб метрге көп. Ал эми электр энергияны керектөө 2024-жылы республика боюнча 17,8 млрд кВтс болушу күтүлүүдө, үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгына карата 9,1 млрд кВтс электр энергия керектелди.

Ал эми Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилинде 1,0 млн тонна көмүр керектейт, бюджеттик мекемелер 312,184 миң тонна көмүр камдашы керек болсо, калк үчүн күз-кыш мезгилине 1,3 млн тонна көмүр камдалышы керек.

Штабдын жыйынтыгында министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бюджеттик мекемелер үчүн отун ресурстарын жеткирүү боюнча тендерлерди өткөрүү, келишимдерди түзүү иштерин тездетүү, энергетикалык объектилердеги оңдоо иштерин графикке ылайык бүткөрүү тапшырмалары берилди.

Пикир

Оставить комментарий