• 87
  • 89.77
  • 0.79

Төрөбаев кагаз продукциясын чыгарган “Ак кайың” фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Жогорку сапаттагы таңгактоочу кагаздарды жана картондорду чыгарууга адистешкен "Ак кайың" фабрикасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев көчмө жыйын өткөрдү.

Ведомстводон белгилешкендей, фабрикада кайра иштетилген продукциядан кагаз баштыктар, ар түрдүү үлгүдө жана өлчөмдө каптар чыгарылат. Ишкананын сыноо лабораториялары өндүрүштүн бардык баскычтарында продукциянын сапатын көзөмөлдөп жана өркүндөтүп турат.

Өндүрүштүн көлөмү күнүнө 60 тонна, бир жылда 21 миң 600 тонна продукция чыгарууга ылайыкталган. Фабрика 2016-жылы ишке кирген.

Жыйында Бакыт Төрөбаев президент Садыр Жапаровдун кагаз баштыктарына өтүү тапшырмасынын алкагында экологиялык таза продукцияларды өндүргөн ишканаларга артыкчылык берилип жаткандыгын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, 2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда полиэтилен баштыктары менен желимден жасалган буюмдарды соодада, кызмат көрсөтүү тармактарында өндүрүүгө, иштетүүгө жана бекер берүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирет. Учурда Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча президенттин тиешелүү жарлыгына ылайык, соода-сатыкта кагаз баштыктарын пайдалануу ишке ашууда. Бул тажырыйбаны колдонуп, жакынкы жылдары өлкөнүн бардык аймактарында желимден экологиялык таза кагаз буюмдарына этап-этабы менен өтүү планы коюлган.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында кайра иштетилүүчү чийки заттын жетишсиздигинин себептери талкууланып, өндүрүш кубаттуулугун пландалган чекке жеткирүү, кагаз продукциясын кайра иштетүү жана өндүрүү боюнча иштеген ишканалардын экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий