• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы канаттуулар фермасынын иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы "Бибикей Групп" компаниясынын канаттуулар фермасынын иши менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө аймактардын экономикасын өнүктүрүп, айыл жергесиндеги тургундардын киреше булагын көтөрүү үчүн, дал ушундай айыл чарба багытындагы чакан чарбалар, кайра иштетүүчү өнөр жайы болушу заман талабы экенин билдирди.

Бул үчүн министрлик тарабынан чакан ишкерликти өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилип, болгон мүмкүнчүлүккө жараша көмөк көрсөтүлүп, колдоо болуп жатканын айтты.

"БиБиКей Групп" ЖЧКсы канаттуулар чарбасы кошумча нарк чынжырчаларынын лидери болуп саналат. "БиБиКей Групп" канаттуулар фермасы 2018-жылы эски советтик тоокканалардын негизинде уюштурулган. Заманбап тоок фермасын уюштуруу үчүн иштин ушул мезгилинде 900 миң доллардан ашык инвестиция салынган. Бүгүнкү күндө ишканын балансында тоок фермасы курулган 4,75 гектар жер бар. Канаттуулар фермасы Түркиядан алынган автоматташтырылган заманбап жабдуулар менен жабдылган. Учурда 70 000 тоок, 55 миң жөжө бар. Күн сайын 60 миң даанадан ашык жумуртка чогултулат.

Алынган продукциясы Ош шаарынын дүң базарларында сатылат. Ошондой эле, ири соода дүкөндөргө, коомдук тамактануу түйүндөрүнө жеткирилет. Учурда ишкананын өздүк каражатынын эсебинен 50 миң тоок тууй турган автоматтык линияны орнотуу үчүн тооккана курулуп жатат.

Мындан сырткары, жалпы наркы 35 млн сомдук Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылына 2 га жерге 480 чарчы метр тоют өндүрүү үчүн цех, 300 чпрчы метр канаттууларды союучу цех жана 500 чарчы метр жумуртка инкубациялоочу жай куруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий