• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бакыт Төрөбаев Кытайдын Хунань провинциясынан келген делегация менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Хунань провинциясынын Соода департаментинин директорунун орун басары Гуо Нин баштаган делегация мүчөлөрүн кабыл алды.

Жолугушууда тараптар эки өлкө лидерлеринин ортосунда буга чейин жетишилген долбоорлордун, келишимдердин ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу сүйлөштү, өзгөчө эки тараптуу кызматташунуунун айыл чарба, энергетика, жаңы технология жана кайра иштетүү өнөр жайы тармактарына токтолушту.

Ал эми Hunan Jinxin Environmental Protection Co., Ltd. компаниясынын башкы директору Дай Даогу компания тарабынан Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоочу эко-технологиялык заводдун курулушуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн кыргыз бийлигине ыраазычылык билдирди.

Бул багытта Бакыт Төрөбаев компаниянын ишине ийгилик каалап, долбоор Кыргызстан үчүн маанилүү экенине токтолуп, ошондой эле Кытайдын мамлекеттик жана жеке ишканаларын, атап айтканда Хунань провинциясынын инвесторлорун Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө, биргелешкен экономикалык пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын мартында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган эко-технологиялык заводдун курулушун баштоого старт берген. Заводдун курулушун 2025-жылдын аягына чейин бүткөрүү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий