• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Хэ Лифэн менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө кыргыз-кытай өз ара кызматташуусунун бир катар маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жогорку деңгээлде экенин белгилеп, өзгөчө үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстандын президентинин Кытайга болгон мамлекеттик сапарын белгиледи.

Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жолдоп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы практикалык кызматташуунун бир катар келечектүү багыттарын белгиледи.

Анда Төрөбаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча практикалык аракеттерди жана активдештирүү тенденциясын белгиледи.

Ал ошондой эле “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пункттарынын жанындагы жолду реконструкциялоо жана кеңейтүү, бажы инфраструктурасын модернизациялоо маселелерине токтолду.

Жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктун ачуу жана “Барскоон-Учтурфан-Аксуу” автожолунун курулушу айтылып, учурда кыргыз тарап андан ары иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон долбоордун болжолдуу техникалык-экономикалык эсептөөлөрүн жүргүзүп жаткандыгы белгиленди..

Бакыт Төрөбаев эки өлкөнүн ортосундагы кыргыз-кытай достугунун унаа жолун жана көпүрөсүн куруу боюнча кызматташууга өзгөчө көңүл бурду.

Кытай Эл Республикасы менен кызматташтыкты кеңейтүү жана андан ары өнүктүрүү максатында МинКаб Төрагасынын орун басары өлкөлөр ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пунктунда ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды ачуу маселесине токтолду.

Бул багытта кыргыз тарап Кытай Эл Республикасынын сертификациялык стандарттарын кабыл алууга даяр экени айтылды.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кыргыз-Кытай өнүктүрүү фондун түзүү жана каржы тармагында кызматташууну активдештирүү маселелерине токтолду, атап айтканда кыргыз жана кытай ишкерлеринин бири-бири менен иш алып баруусун жеңилдетүү максатында, Кытай тарапты Кыргызстандын Улуттук банкы менен Кытайдын Улуттук банкынын ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюуга чакырды.

Энергетика тармагында Бакыт Төрөбаев гидроэнергетиканы өнүктүрүү, күн жана шамал электр станцияларын куруу, анын ичинде Сары-Жаз дарыясында ГЭС каскадын куруу боюнча артыкчылыктуу долбоорлорго токтолду.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Хэ Лифэн эки мамлекеттин башчылары белгилеген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн принциптеринин негизинде эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий