• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бакыт Төрөбаев Нарын облусундагы айыл чарба ишканаларынын иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон жумушчу иш сапары алкагында “Ат-Башы эт комбинаты” жана “Ат-Башы сүт” ишканаларынын, Ат-Башы айыл аймагындагы машина-трактордук станциясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Бакыт Төрөбаев “Ат-Башы эт комбинаты” жана “Ат-Башы сүт” ишканаларынын базасында азык-түлүк жана сырьелук ресурстардын ички булактарын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган жыйында айыл жериндеги кайра иштетүү өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ички жана тышкы рынокторго даяр продукцияларды сатуунун көлөмүн көбөйтүү, ишканалардын экспорттук потенциалын жогорулатуу жана фермерлер менен тыгыз иштешүүдө жергиликтүү шартка ылайыкташкан методологияны иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди. Бул боюнча тиешиелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди.

Быйыл ишке киргизилген эт комбинатында мал союучу жай жана эт азыктарын кайра иштетүүчү ишкана курулган. Учурда анда эт азыктарын консервациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Мал союучу жайдын сыйымдуулугу бир күндө 30 баш бодо мал жана 160 кой-эчкини түзөт.

Ал эми “Ат-Башы сүт” заводунун суткасына 10 миң литрге чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Завод заманбап технологиялык жабдуулар менен жабдылган. Өндүрүлгөн продукция өсүмдүк майларын колдонбостон, органикалык сүттөн гана жасалат. Бүгүнкү күндө завод сүт, быштак азыктарынын бир нече түрүн, сыр, быштак, каймак жана эритилген майды өндүрөт.

“Ат-Башы” машина-трактордук станциясы мамлекеттин колдоосу аркылуу лизинг жана башка долбоорлор аркылуу айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шарттарда алып, өзүнүн техникалык паркын толуктап келе жатат. Бүгүнкү күндө карамагында 36 айыл чарба техникасы, анын ичинде 11 трактор, 7 дан комбайны, 3 жүк ташуучу унаа жана 15 башка техникалар бар. Алар 1500 гектар жер аянтына чейин тейлеп, агротехникалык кызмат көрсөтөт.

Бакыт Төрөбаев “Ат-Башы” муниципалдык ишканасынын эскирген техникаларын жаңы техникалар менен толуктоого мамлекет тарабынан мүмкүн болгон жардам, көмөк көрсөтүлөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий