• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Бакыт Төрөбаев Ош жана Жалал-Абад эли менен жолугат. Дареги жана убактысы

Аймак 0

Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөт. Ош жана Жалал-Абад облусуна минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барат.

Алдыда Ош облусундагы белгиленген жолугушуунун өтө турган дареги жана убактысы боюнча маалымат сунушталат:

- Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушуу Даарот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө 5-августта саат 10:00гө коюлду;
- Алай районундагы жолугушуу 5-августта саат 15:00дө маданият үйүндө өтөт;
- Кара-Кулжа районундагы эл менен жолугушуу 6-августта Р.Абдыкадыров атындагы маданият үйүндө саат 10:00дө болот;
- Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу 6-августта саат 16:00дө райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында башталат;
- Ноокат районундагы жолугушуу 7-августта райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саат 10:00гө белгиленди;
- Араван районундагы жолугушуу 7-август күнү райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саат 15:00дө өтөт;
- Кара-Суу районундагы жолугушуу 8-августта саат 10:00дө райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында уюштурулат;
- Ош шаарындагы жолугушуу 7-августта 18:00дө С.Ибраимов атындагы драмалык театрында өтөт.

Жалал-Абад облусундагы жолугушуулар өткөрүлө турган даректер:
- Токтогул районундагы жолугушуу 12-августта А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө 10:00дө башталат;
- Кара-Көл шаарындагы жолугушуу 12-августта 16:00дө Энергетик атындагы маданият үйүндө болот;
- Таш-Көмүр шаарындагы жолугушуу 13-августта саат 10:00дө шаардык маданият үйүндө өтөт;
- Аксы району боюнча жолугушуу 13-августта Кербен шаарындагы А.Алымов атындагы маданият үйүндө 16:00дө башталат;
- Чаткал районундагы жолугушуу 14-августта 09:00дө Ч.Айтматов атындагы маданият үйүндө уюштурулат;
- Ала-Бука районундагы жолугушуу 14-августта Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 16:00дө башталат;
- Майлуу-Суу шаарындагы жолугушуу 15-августта шаардык маданият үйүндө 10:00гө белгиленди;
- Ноокен районундагы жолугушуу 15-августта 15:00дө Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
- Базар-Коргон районундагы жолугушуу 16-августта Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 10:00дө болот;
- Сузак районундагы жолугушуу 16-августта 15:00дө Сузак райондук райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
- Жалал-Абад шаарындагы жолугушуу 17-августта облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында 10:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы жолугушуу Нарын облусуна барганда уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий