• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев Пекинде Туруктуу транспорт боюнча I глобалдык форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Пекин шаарында өткөрүлгөн "Туруктуу транспорт: Глобалдык өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн биргелешип иштейли" аталышындагы Биринчи глобалдык форумга катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өз сөзүндө Төрөбаев форумдун катышуучуларына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзүн жолдоп, транспорт маселеси дүйнөлүк экономиканын ачкычы экенине токтолду.

“Туруктуу транспорт маселеси бир гана өлкөнүн көйгөйү эмес, глобалдуу мүнөзгө ээ. Евразиядагы транспорттук жолдордун ролу, "Бир алкак - бир жол" демилгесинин негизинде кызматташуу, жүктөрдү ташууда логистикалык байланыштарды чыңдоо, анын ичинде "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу боюнча долбоорду жүзөгө ашыруу”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Ал ошондой эле бул долбоорду ишке киргизүү биздин аймактарды транспорттук туңгуюктан алып чыгаарын кошумчалады. Болжол менен 4 млрд адамды бириктирет. Азиядан Европага, Жакынкы Чыгыш аймагына, Иранга, Перс булуңуна жана Түндүк Африкага жүк ташууну кеңейтип, өз ара сооданын өсүшүнө оң таасирин тийгизет.

Мындан тышкары, "Бедел" көзөмөл өткөрүү пунктунан өтүүчү "Барскоон – Учтурфан – Аксу" жолун куруу, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Россия жана Европа багыты боюнча "Түштүк транспорттук коридорунун" маанилүүлүгүн белгиледи.

МинКаб Төрагасынын орун басары ошондой эле авиация тармагына токтолду. Анда “кошуна өлкөлөр менен түз аба каттамдарынын ачылышын, Кыргызстандын авиациялык потенциалды кеңейтүү боюнча координалдуу кадамдарын, жакын арада "Баткен" жана "Каракол" эл аралык аэропортторун ишке киргизүү” боюнча жасалып жаткан иштерди айтты.

Бакыт Төрөбаев белгилегендердин баары транспорт боюнча глобалдык маселелердин күн тартибине ылайык келет жана Кыргызстандын Улуттук өнүгүү программасында чагылдырылган.

Пленардык жана панелдик отурумдарда глобалдык байланыштарды илгерилетүү, аймактык айырмачылыктарды жоюу, инновациялык технологиялар жана жабдуулар менен алмашуу, таза экологиялык, аз көмүртектүү өнүгүүгө көмөктөшүү, транспорт секторунда өнөктөштүктү бекемдөө маселелерине көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, форумга 50дөн ашуун мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү, эл аралык, аймактык уюмдардын жетекчилери, ири компаниялардын өкүлдөрү катышууда. Форумдун алкагында XV эл аралык транспорт, технология жана жабдуулар көргөзмөсү дагы өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий