• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бакыт Төрөбаев: Соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү учурдун талабы

Аймак 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Ошто "Ноокат Алмасы" соода логистикалык борборунун базасында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Кошумча нарк чынжырчасынын региондук кластердик маселесин талкуулаган семинар өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Семинарда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев соода-логистикалык борборлор кайра иштетүү өнөр жай ишканалары сыяктуу эле кластердик бирикменин агрегатору катары өз ишмердигин жүргүзүшү зарылдыгын белгиледи.

"Жер-жерлерде жана аймактарда адистештирүү иштерин күчөтүү зарыл. Ал үчүн “Бир айыл – бир продукт” деген адистештирүү программаны дагы ишке ашыруу азыркы күндүн талабы", - деди ал өз сөзүндө.

Семинардын максаты – алдыңкы, прогрессивдүү, инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү, азыктарды даярдоо, сорттоо, таңгактоо, маркировкалоо, сертификаттоо, сактоо, транспортировкалоо процесстерин жакшыртуу, азыктарды бирдей формада жана көлөмдө даярдоо боюнча окутуу, таанып-билүү иштерин жайылтуу жана жер-жерлерде аймактык соода-логистикалык борборлорду уюштуруу жана өнүктүрүүгө багытталган.

Жыйынтыгында кластердик бирикмелерди жер-жерлерде аймактарда, ар бир райондо түзүү жана өнүктүрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл буруу милдети боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына – акимдерге, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына, өз алдынча башкаруу органдарына протоколдук тапшырмалар берилди.

Семинарга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын райондорунун администрация башчылары, "Мамлекеттик өнүктүрүү банк" ААК, "Айыл банк", "Элдик банк" бактарынын өкүлдөрү жана райондук агрардык башкармалыктын башчылары, дыйканда- фермер катышты.

Пикир

Оставить комментарий