Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдө жамгырлатып сугаруу системасы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылында пилоттук негизде ишке ашырылып жаткан жамгырлатып сугаруу системасы менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, система Айыл чарба мамлекеттик фондунун 24,5 гектар жерине орнотулуп, бүгүнкү күндө 6 гектар аянттагы айыл чарба өсүмдүктөрүн суугаруу үчүн пайдаланылууда.

Мындай система аркылуу сууну коромжу кылбай үнөмдүү, сарамжалдуу пайдалануу менен мол түшүм алууга шарт түзүлөт.

Белгилей кетчү жагдай, жөнөкөй арык аркылуу 1 гектар жерди бир күн сугарууга убакыт кетсе, бул жамгырлатып сугаруу системасы менен 8 саатта 3 жарым гектарды сугарса болот. Ошондой эле арык аркылуу 25 гектар жерге кетчү суу менен, жамгырлатып сугаруу системасы колдонулса 100 гектар жерди сугарууга мүмкүндүк бар.

Иш-чарага Суу ресурстары кызматынын директору – министрдин орун басары Алмазбек Сокеев, министрликтин тиешелүү жетекчи адистери, Ысык-Көл облусунун башчысы Улан Далиев, Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Министр Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында — тамчылатып сугаруу жана жамгырлатып сугаруу сыяктуу заманбап технологияларды жана сугат ыкмаларын ишке киргизүү бүгүнкү замандын талабы экенин белгиледи.

"Биз азыр ар бир районго пилоттук негизде 100 гектар жерге тамчылатып, жамгырлатып сугаруу системасын орнотуп берели деп турабыз. Эл көрүп ынансын. Учурда 2024-2028-жылдарга суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн тамчылатып, жамгырлатып сугаруу ыкмасын колдонуу боюнча программа даярдалууда. Ушуга байланыштуу, бул системаны кеңири колдонуу үчүн продукциянын өздүк наркынын баасын арзандатуу үчүн тетиктерди чыгаруучу заводду куруу пландаштырылууда",- деген ал ар бир аймактын жетечилери бул багытта жигердүү иштерди жүргүзүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий