• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бакыт Жангазиев «Кыргызстан - жашыл аймак» интерактивдүү картасы тууралуу айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Бакыт Жангазиев брифинг учурунда министрлик тарабынан коопсуз "жашыл аймактарды" чагылдырган интерактивдүү карта санариптик тиркемеси ишке киргизилгенин айтты.

Анын маалыматында, бул кызмат кызматкерлери эмдөөдөн өткөн уюмдарга өздөрүн билдирүүгө жана Кыргызстандын картасында өздөрүн белгилөөгө, ошондой эле ар кандай бонустарды сунуштоого мүмкүнчүлүк берет.

«Карта www.vc.emed.gov.kg/ дарегиндеги Интерактивдүү карталар бөлүмүндө жайгаштырылган. Уюмдар ачык форманы толтуруу менен интерактивдүү картага өз алдынча белги кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Белгилей кетчү нерсе, белгилерди кошуу ишеним принцибине негизделген»,-дейт министрдин орун басары.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын картасында уюм көрсөткөн координаттарга ылайык, эгерде эмделген кызматкерлердин саны уюмда иштеген кызматкерлердин жалпы санынын 70% дан ашыгын түзсө, жашыл белги көрсөтүлөт.

"Ар бир жаранга кадимки жашоого кайтуу үчүн эмдөөдөн өтүү, республиканын бардык аймактарын «жашыл зоналарга» өткөрүү зарылдыгы тууралуу маалымат берүү маанилүү",-деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандарга вакцина алууну сунуштап, беткап тагынууга үндөйт.

Пикир

Оставить комментарий