• 87
  • 90.41
  • 0.84

Премьер-министр бир тууган инисин Ноокат районунун акими кызматынан бошотту

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык, Марипов Бакытбек Асамидинович Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Белгилесек, бул Улукбек Мариповдун Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматындагы алгачкы чечимдеринин бири. Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынды, себеби Бакытбек Марипов учурдагы өкмөт башчынын бир тууган иниси болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, жергиликтүү бийлик органдары аткаруу бийлигинин бир бөлүгү болуп саналат жана түздөн-түз премьер-министрге баш ийет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгынын негизги багыттарынын бири катары жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга шарт түзүү жана кадрдык маселелерди чечүүдө коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий