Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Талант Мамытов кол койду.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Бакытбек Мажитов 1976-жылы 20-декабрда туулган. Юридикалык жана экономикалык жогорку билимге ээ, юридика илимдеринин кандидаты.
Мажитов 2020-жылдын ноябрынан бери Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп келген.
Пикир
Оставить комментарий