• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Бакытбек Жетигенов шаар сыртына чыгарылуучу базарлардын курулушун текшерди

Аймак 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаар сыртына чыгарылуучу базарлардын курулуш иштери менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр алгач жаңыдан курулуп жаткан муниципалдык базардын курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Ал соодагерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү кызматтарга жумуштарды сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Андан ары "Жапалак" унаа тетиктер базарынын жанындагы 35 гектар жер аянтына көчүрүлүүчү жер тилкеге барды. Бул жерге Мамыров көчөсүндө жайгашкан унаа тетиктери жана курулуш материалдарын сатуучу базарлар жылдырылат.

Белгилей кетсек, бул аракеттер унаа тыгындарын азайтууга жана шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан мекемелерди, соода түйүндөрдү шаар сыртына чыгарууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий