• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Сокулукта бала бакчанын чатыры күйдү

Кырсык 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Сокулук районунда бала бакчанын чатыры күйдү. бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шопоков шаарында жайгашкан бала бакчадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, өрттү өчүрүүгө саат 18:15те 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 19:39да толугу менен өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

белгилей кетсек, акыркы суткада өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий