Бишкек, 19.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Быйыл мектепке чейинки билим берүү программасына тартылган балдардын көрсөткүчү 28,3 пайыздан 44,3 пайызга өстү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева "Алтын казык" билим берүүнү трансформациялоо программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, биринчи нөөмөттөгү мектептерде, бош турган имараттарда 302 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды. Китепканаларда жыл сайын 50 балдарды өнүктүрүү борбору ачылып, алардын саны 300гө жетти.
"Өкмөттүк акселераторлор долбоорунун алкагында 257 үй тибиндеги бала бакча уюштурулду. Натыйжада 2024-жылы 6 жаштагы балдардын 98% мектепке чейинки даярдоого тартылды", - деди министр.
Ошондой эле Кендирбаева кошумчалагандай, мектепке чейинки билим берүүдө жаңы курулган бала бакчаларга, кошумча тайпаларды ачууга, бөлмөлөрдү окуу бөлмөсүнө өзгөртүүгө 1,5 млрд сом сарпталды.
Пикир
Оставить комментарий