Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилик кызматына талапкерлер арасында тестирлөө өтөт.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо 29-30-ноябрда Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт.
Азыркы учурда республика боюнча 747 бош орун бар.
Бишкекте Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 6-корпусунда, Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин Индустриялык-педагогикалык колледжинин имаратында өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана документтери каттоого алынган. Каттоо 2024-жылдын 4-ноябрдан 18-ноябрга чейин жүргүзүлгөн. Биринчи этаптан өткөн талапкерлер тестке чакырылган.
Талапкерлерди каттоо Бишкекте саат 9-00да, Ош шаарында саат 8-30да башталат.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылуу керек:
- Бишкек шаары 0707 140104;
- Ош шаары 0770 001898 (Ош шаары):
- Билим берүү министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмү 0312 623591.
Электрондук дарек: educationkgpress@gmail.com.
Пикир
Оставить комментарий