Бала-Саруу ГЭСине кичи гидроагрегат орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Бала-Саруу ГЭСине кичи гидроагрегат орнотулду. Анын кубаттуулугу 5 МВт. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ишканасынан билдиришти.

Ишкананын маалыматына караганда, мындан тышкары, ГЭС аймагында алгылыктуу иштер аткарылды. Алсак:

  • ГЭСтин имараты курулду;
  • 110 кВ чыңалуусундагы элегаздык изоляциясы менен жабык бөлүштүрүүчү түзмөк монтаждалды;
  • жалпы кубаттулугу 32 000 кВА түзгөн эки күч трансформатор орнотулду;
  • 110 кВ чыңалуусундагы 6,7 чакырым узундуктагы "Бала-Саруу-Кара - Арча" жана "Бала-Саруу-Покровка” аба электр чубалгылары жана 360 метр узундуктагы басым түтүктөрү курулуп, пайдаланууга берүүгө даяр;
  • Ошондой эле, чыгуу каналын куруу иштери да соңуна чыкты.

Учурда адистер жабдууну ишке киргизүү боюнча жөндөө жумуштарын соңуна чыгарып, жабдууларды сыноодон өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий