"Балага сүйүнчү" берилүүчү жөлөкпулду 2018-жылдын 1-январынан тартып төлөө тартиби бекитилди

Президент 0

Бишкек, 29.12.17. /Кабар/. КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү мамлекеттик жөлөкпулдар менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Бул максатта кабыл алынган мыйзам менен кепилденген эң төмөнкү кирешенин 300 пайыз өлчөмүндө (3000сом) бир жолку жөлөкпул төлөөнүн ордуна бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» (алдын ала маалыматтар боюнча “бала сүйүнчү” жөлөкпулу 4000 сомду түзөт) деп бир жолу берилүүчү жөлөкпулду 2018-жылдын 1-январынан тартып төлөө тартиби бекитилген.

Балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын төлөнүүчү башка жөлкөпулдар тиешелүү мыйзам кабыл алынганга чейин сакталат.

Ошентип, мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдын жоболорун кошумча талдоо, ага тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгып, киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетиштүү убактысы болот.

Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий