• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

“Балага сүйүнчү” системасы автоматташтырылат – Нурия Кутнаева

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Аялдар маалымкат алууга чуркабашы үчүн “балага сүйүнчү” системасы автоматташтырылат. Бул тууралуу “Түндүк” системасы: жетишкендиктери жана келечеги” конференциясында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Электрондук өз ара аракет борбору” мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева билдирди.

Анын айтымында, система аркылуу боюнда бар аялга автоматтуу түрдө эсеп ачып, бала төрөлгөн соң ал жакка акча которулат.

“Мамлекет бул үчүн ири өлчөмдөгү акча каражатын бөлүп жатат. Аялдар маалымкаттарды чогултуп чуркабашы керек”, - деди ал.

Кутнаева аялдарга каттоого болушунча эртерээк турууга түрткү берүү үчүн “балага сүйүнчү” системасына үй-бүлөлүк медицина борборлору кошула турганын кошумчалады.

“Аял каттоого турганда, маалымат системага түшөт. Андан соң ал Мамлекеттик каттоо кызматына жана Финансы министрлигине жиберилет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий