• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Баланын кумда ойногону пайдалуубу же кооптуубу? Адистин пикири

Ден соолук 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Кимдин эле баласы кумда ойноону жакшы көрбөсүн. Кум үстүндө балдар өзү теңдүүлөр менен баарлашып, майда моторикасын жана фантазиясын өнүктүрө алат. Бирок мындай кум аянтчалары ар кандай жугуштуу жана мите оорулардын булагы болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Известия” гезитине берген маегинде педиатр Ульяна Гуреева билдирди.

Анын айтымында, бала кумда ойноп жүрүп, ичеги-карын ооруларына чалдыгышы ыктымал.

“Шигелла, ротавирус жана норовирус ылаңдаган жаныбарлардын заңы менен, ал эми канаттуулардын заңы аркылуу кампилобактериялар сальмонеллалар жугат. Мындай жугуштуу оорулардын белгилеринде биринчи кезекте ич өткөк, ичтин оорушу, дене табынын көтөрүлүшү жана жүрөктүн айлануусу болот. Аскарида сыяктуу курттар кумга ылаңдаган мышыктын, иттин заңы менен кириши мүмкүн. Инфекциялар ичтин оорушу жана аллергиялык реакциялар менен көрүнүшү мүмкүн. Узакка созулган жөтөл, заңдын бузулушу жана түнкүсүн денеде кычышуу пайда болот”, - дейт адис.

Ошондой эле педиатр вирустук инфекцияларды жуктуруп алуу коркунучун жокко чыгарууга болбой тургандыгын айтып, төмөнкү эрежелерди сактоо керектигин белгиледи:

  • балдар ойноочу жайлардын тазалыгын сактоо;
  • кумду үзгүлтүксүз алмаштырып туруу;
  • атайын тосмолордун жардамы менен жаныбарлардын балдардын сейилдөөчү жайларына барышын чектөө;
  • балдардын колунун гигиенасына көңүл буруу.

“Балдардын ден соолугун көзөмөлдөө жана сактоо үчүн жаш курагына жараша эмдөө жана мезгил-мезгили менен профилактикалык текшерүүлөр да чоң мааниге ээ. Кандайдыр бир белгилер байкалса, дарыгерге кайрылуу зарыл”, - деп сөзүн жыйынтыктады адис.

Пикир

Оставить комментарий