Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Акылбек Осмоналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ордуна Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйруктарга премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Пикир
Оставить комментарий