• 87
  • 90.43
  • 0.88

Айсулуу Тыныбекова Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадага катышарын айтты

Спорт 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова УТРК спорт-Кыргызстан каналына берген маегинде 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарына катышарын айтты.

Анда Айсулуу Тыныбекова спорттук карьерасында Олимпиада оюндарынын алтын медалы гана жок экендигин, калган медалдын баарын утканын белгилеген.

“Спортчу болгондон кийин кыялы, эңсегени бар – бул Олимпиада оюндарынан жеңиш менен кайтуу. Жеңишке жетип, Кыргызстандын желегин желбиретип, чемпион болгондон кийинки сезим башкача, эч нерсе менен салыштыра албайсың. Кайрадан ошол жеңишти өзүңдүн териң менен жан дүйнөң менен сезиш үчүн кайрадан баргың келет экен, кайрадан күрөшкүң, жеңгиң келет экен. Эми кайрадан аттанам, жеңиш алып келгенге болгон күч-аракетимди жасайм”, - деди спортчу.

31 жаштагы Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн үч жолку жана Азиянын алты жолку чемпиону, Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш, Париж Олимпиадасынын коло байге ээси, эл аралык бир катар мелдештердин жеңүүчүсү.

Ал Кыргызстандын тарыхында спорттун Олимпиадалык түрлөрүнөн дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу.

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова спорттогу жетишкендиктери үчүн II даражадагы “Манас” жана "Данк" ордендери менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий