• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Балбан Акжол Махмудов Олимпиаданын чейрек финалында жеңилүү ызасын тартты

Спорт 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын чейрек финалында жеңилүү ызасын тартты.

Акжол Махмудов чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраев менен күч сынашып, 3:1 эсебинде утулуп калды.

Акжол Махмудов бүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында мелдештерин баштаган. Ал 77 кг салмак ченинде 1/8 финалда алгачкы беттешин өткөргөн.

Анда америкалык Камал Амир Бэй менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңишти камсыздаган.

Белгилей кетсек, эгер казак балбаны финалга чыга турган болсо Акжол Махмудов көңүл жубатарлык беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Пикир

Оставить комментарий