• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Балбан Асан Жанышов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Ал турнирге 87 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Балбан алгачкы беттеште грузиялык Ачико Боквадзени 11:3, чейрек финалда швециялык Хамза Сертканлини 7:3, ал эми жарым финалда румыниялык Патрик Горданды 8:0 эсебинде жеңген.

Эми ал алтын медаль үчүн күрөштө азербайжандык Жоджу Самадов менен кез келет.

Финалдык беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.

Эскерте кетсек, U-20 дүйнө чемпионаты 4-7-сентябрь күндөрү Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий