• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Балбан Өмүрбек Асан уулу өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасынын мүчөсү Өмүрбек Асан уулуИорданиянын Амман шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын алтын медалына ээ болду.

Балбан 60 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште япониянын балбаны Итсуки Йонаширону 6:4 эсебинде утту.

Чейрек финалдык беттеште украинанын балбаны Иван Залискону 11:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште америкалык Джордин П. Ранейди 12:6 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган. Ал эми алтын медаль үчүн беттеште азербайжандын балбаны Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпиону болду.

Ошондой эле 51 кг чейинки салмак категориясында Марлен Абдраимов коло медалга ээ болду.

Ошентип, Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама жалпы командалык эсепте 104 упай топтоп, үчүнчү орунду ээледи. Мында 152 упай менен Америка биринчи, ал эми экинчи орунду 132 упай менен Иран ээледи.

Пикир

Оставить комментарий