• 87
  • 90.64
  • 0.85

Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган документ ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген же катуу ооруга кабылган мектепжашындагы балдардын билим берүү менен камтылышын кеңейтүү максатында кабыл алынган.

Балдарды үйдө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө аталган жобо ден соолугу боюнча жекеокутууга муктаж болгон балдар үчүн билим берүү процессин үйдө уюштуруу тартибин аныктайт.

Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу алардын билим алуу укуктарын коргоого багытталган.

Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү же оорунун катуу формасы менен ооруган балдардын категориясына кирген 7ден 18 жашка чейинки 1-11-класстын окуучулары үчүн жалпы билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылат.

Үйүндө окутуу менчигинин түрүнө карабастан бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарындабилим берүүнүн бардык баскычтарында уюштурулат.

Белгилей кетсек, окуучулар мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында билим берүүнүн бардык баскычтарында акысыз окууга укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий