Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы билим берүү системасын 12 жылга өткөрүү жөнүндө концепция бекитилди. Бул мектептик окутууну заманбап чакырыктарга жана замандын талаптарына ыңгайлаштырууга багытталып, өлкөнүн билим берүү системасында негизги өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө негиз болуп бермекчи. Эл аралык стандарттарга жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү практикаларына негизделип, эксперттердин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан 12 жылдык окууга өтүү жөнүндө концепциясы, өлкөдөгү билим берүү процесси жана балдар арасында китеп окууну өнүктүрүү тууралуу эксперт Улан Мамбетакунов өз пикири менен бөлүштү.
- Алгач өзүңүз, билим берүү тармагындагы эмгек жолуңуз тууралуу айтып берсеңиз?
- Алгач эмгек жолум Бишкек шаарындагы 28-мектепте, андан кийин 47-мектепте физика мугалими катары иштөө менен башталган. Бирок Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин физика-техникалык факультетинин 3-курсунун студенти кезимде эле өзүмдүн ишмердүүлүгүмдү баштагам. Ошондон бери билим берүү тармагында иштеп келе жатам. 1991-жылы 11-классты окуп жаткан кезде үйүмдүн жанындагы почта бөлүмүндө бир жыл бою почтальон болуп иштегенимди да белгилеп кетким келет. Ал кезде көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын баары гезит-журналдарга жазылып, алар жазылган ар бир гезит-журналды өз убагында жеткирүү менин милдетим эле. Ошол учурдан бери эле билим берүү тармагында ишмердүүлүк жүргүзүп келе жатам. Физика жана информатика сабактарын окутуунун актуалдуу маселелерине арналган мектеп окуучулары үчүн бир нече окуу китептердин, монографиялардын жана окуу-методикалык басылмалардын авторумун. Китеп жаза турган болсом максаты – мугалимдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүү, колдоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана билим берүү процессинин бардык катышуучулары үчүн кандай жагымдуу шарттарды түзүүгө болорун көрсөтүү болмок. Мен ошондой эле этика менен толеранттуулук командадагы жемиштүү өз ара аракеттенүүнүн негизи болгон ийгиликтүү тажрыйбалардын мисалдарын карап көргүм келет.
- Кыргызстанда Совет мезгилинен бери келаткан билим берүү системасы бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербей калганы барыбызга белгилүү, ошондо заманбап окутуу кандай болушу керек?
- Билим берүү тармагы бир орунда турбастан өзгөрүлүп тураары барыбызга белгилүү. Бүгүнкү күндө кеп дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо, жасалма интеллект жана аны адистерди даярдоодо колдонуу жөнүндө болуп жатат. Мындай шартта биздин балдар, бала бакчалар, мектептерибиз глобалдык өзгөрүүлөргө даяр болушу керек. Советтик билим берүү системасынын да жакшы жактары болгон, атап айтканда, фундаменталдык билим берүүнү өнүктүрүү, тартипке көңүл буруу жана окууга жогорку мотивация берүү. Мугалимдер көп учурда насаатчы катары кызмат кылып, билимди гана эмес, турмуштук баалуулуктарды үйрөтүп келишкен. Бирок азыркы заман маалымат технологияларынын динамикасын жана маданий контексттердин көп түрдүүлүгүн эске алган жаңы ыкмаларды талап кылат. Учурда окутуу ыкмаларын заманбап доордун талабына ылайыкташтыруу менен бирге эң мыкты салттарды сактоо маанилүү. Бул технологияны колдонуу менен гана чектелбестен, балдарда критикалык ой жүгүртүүнү, чыгармачылыкты жана эмоционалдык интеллектти өнүктүрүүнү билдирет. Биз студенттердин жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө, туура жол көрсөтүп билим берүүгө жана дүйнөлүк аренага керектүү көндүмдөр жана билимдер менен камсыздоо менен ишенимдүү чыга ала турган билим берүү чөйрөсүн түзүүгө умтулушубуз керек.
- Коомчулукта 12 жылдык жалпы билим берүү системасына өтүүгө карата түрдүү пикирлер айтылып, каршы болгондор да чыгууда. Дүйнө тынымсыз өнүгүп, билим алуунун зарылчылыгы анык болуп турган учурда Кыргызстанда эмне себептен билим берүү системасынын өзгөрүшүнө каршы пикирлер айтылууда?
- Ооба, чындап эле Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү түзүмүнө өткөнү жарыяланаары менен коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылууда. Бирок алар бир нече факторлор менен байланыштуу болушу мүмкүн. Биринчиден, экономикалык абал жана чектелген ресурстардан улам көптөгөн үй-бүлөлөр 9-класстын базасындагы эле билим жетиштүү экенин белгилешүүдө. Жумушсуздук, айлык акынын аздыгы андан ары билим алуу үчүн сарптаган күч-аракетти жана убакытты актабайт деп ойлошу мүмкүн. Андан көрө иштеп, үй-бүлөгө жардам берүүнү артык көрүшүүдө. Экинчиден, мектептеги билим берүүнүн деңгээли азыркы учурдун талабына жооп бербейт деген пикирлер да коомчулукта көп айтылууда. Эгерде мектеп бүтүрүүчүлөрү сабактардан практикалык көндүмдөрдү албаса же окуусу менен реалдуу турмуштун байланышын көрбөсө 9-класстан кийин окууну улантуунун зарылчылыгы барбы деген суроо жаралат. Бирок, мындай көрүнүштөргө карабастан дүйнөдө билим алуунун артыкчылыгы өсүп жаткан заманда билим жеке инсандык жана адис катары өнүгүү үчүн барган сайын маанилүү болуп баратат. Демек, сапаттуу билимдин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана коомдун жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген программаларды өнүктүрүүнүн ортосундагы тең салмактуулукту табуу зарыл.
- “Алтын Казык” программасынын алкагында жогорку класстын окуучулары үчүн адистештирилген окууга карата кандай пикирдесиз? Мында жогорку класстын окуучулары аттестаттан тышкары профилдик предметтерди тандап алып, окуу практикасы учурунда кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгү барбы? Мисалы, ашпозчу, ширетүүчү кесиби боюнча?
- Алгач өлкөбүздүн билим берүү тармагын трансформациялоого багытталган “Алтын казык” мамлекеттик программасынын маанилүүлүгүн жана өз убагында кабыл алынгандыгын белгилеп кетким келет. Билим берүү министрлиги бул программада мектепке чейинки билим берүүнү күчөтүү; 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, ошондой эле жогорку класстын окуучуларына атайын билим берүүнүн ролун өнүктүрүүнү белгилейт.“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында “Окуучуларды эрте кесиптик даярдоо максатында мамлекет жалпы билим берүү уюмдарында адистештирилген окутуу системасын киргизүүгө көмөк көрсөтөт” деп белгиленген. Албетте, окуучуларыбыздын окуу практика учурунда жумушчу кесипке ээ болуусу келечекте чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Бул жаштар арасындагы жумушсуздукту кыскартууга жардам берет, анткени жаштар окууну бүткөндөн кийин бир кичинекей да боло кесиптин ээси болуп, иштеп кеткенге мүмкүнчүлүк жаралат. Маанилүү аспект катары белгилей кетсек, «Алтын Казык» программасы билим берүү процессин өлкөнүн экономикасынын керектөөлөрү менен интеграциялоого багытталган. Профилдик окутууну өнүктүрүү жогорку класстын окуучуларына келечектеги кесибинде пайдалуу болгон дисциплиналарды тереңдетип окууга мүмкүнчүлүк берет. Бул алардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн гана жогорулатпастан, алардын кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңири түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
- Балдар арасында китеп окууну жайылтуу үчүн кандай чараларды сунуш кылат элеңиз?
- Балдарыбыз акыркы мезгилде китеп аз окуп калганы ачык эле көрүнүш. Тилекке каршы мурда үйүбүздөгү чоң китепканалар менен сыймыктанып келсек, азыр чет элдик жана жергиликтүү тасмалардын топтомунун көп экенине сыймыктанган үй-бүлөлөр бар. Ал эми китепканадан алынган мектептин окуу китептеринен башка кээ бир үйлөрдө эч кандай китеп жок. Анда кантип окууну, баарлашууну жана критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жөнүндө кеп кылабыз? Бир окуя эсимде, бир жолу конокко барсам, мектептин окуу китептерин столдун бутунун астына коюп, столду теңдеп койгонун көрдүм. Бул ал үйдөгү билимге жана китепке болгон мамилени көрсөтүп турат. Эгер чоңдор китепти баалабаса, анда кантип балдар китеп окууга кызыгып, маани берет? Биздин институтта «Билимдин куржуну» иш-чарасын баштадык, анда тарбия боюнча көркөм адабияттарды, китептерди чогулттук (педагогикалык институтубуздун өзгөчөлүгүн эске алуу менен). Ар бир топ куржундун мазмуну менен таанышып, талкуулашат. Жылдын аягында биз эссе жазуу жана катышуучуларга кандай таасир бергенин баалоо үчүн талкуулоо боюнча жыйынтыктоочу иш-чара өткөрөбүз. Балдар арасында китеп окууну жайылтуу үчүн алардын жаш курагына жана кызыкчылыктарына ылайыктуу китептерди сунуштоо маанилүү. Бул алардын маданиятын жана жашоо тажрыйбасын чагылдырган адабияттарды, ошондой эле аларды ойлонууга жана суроо берүүгө үндөгөн чыгармаларды камтышы мүмкүн. Биргелешкен иш-аракеттер аркылуу – үн чыгарып окуу, талкуулар жана китептерге байланыштуу чыгармачылык тапшырмалар аркылуу китеп окуу адатын өнүктүрүүгө да көңүл буруу зарыл. Ушундай жол менен биз окууга болгон кызыгууну калыбына келтирип гана тим болбостон, балдарыбыздын критикалык ой жүгүртүүсүн жана баарлашуу жөндөмүн да өнүктүрө алабыз.
- Кыргызстандагы жаш мугалимдер тууралуу эмне айта аласыз?
- Мугалим деген наамды чындап сыймыктануу менен алып жүргөн жаш мугалимдердин көбүн белгилейт элем. Эч нерсеге карабастан, алар өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун үстүндө иштешет жана ошол эле учурда окуучулардын билимин өркүндөтүүгө көңүл бурушат. Азыр мурдагыдай эле ар бир мугалимдин алдында балдардын келечеги үчүн чоң жоопкерчилиги турат. Жаш мугалим мугалимдик жолду тандап алгандан кийин, эң негизгиси билимге болгон умтулуу аларды күн сайын шыктандырат. Жаңы идеяларга, трансформацияларга ачык болуу, окутууда заманбап усулдарды жана технологияларды активдүү колдонуу; тажрыйбаны кеңейтүү жана кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам бере турган башка мугалимдер менен кызматташуу керек.
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий